Тойго онлайн чакыруу

Электрондук чакыруу — бул WhatsApp аркылуу жөнөтүлгөн шилтемедеги кооз барак. Конок аны телефондон ачып, күнүн, жерин жана программасын көрөт жана «Барам» же «Бара албайм» деп жооп берет. Жооп дароо сиздин коноктор тизмеңизге түшөт.

Тойго чакыруу: аттар, күнү жана жооп баскычтары

Конок эмнени көрөт

Эки түрү жана эки тил

Эки шаблон бар: «Ак алтын» — ак жана алтын түстө, «Түнкү» — кочкул жашыл жана алтын түстө. Чакыруу кыргыз же орус тилинде ачылат, конок тилди өзү которо алат.

Жеке чакыруу же жалпы шилтеме

Жеке — коноктун аты менен. Анын жообу дароо ошол коноктун карточкасына түшөт: ким келерин жана канча киши экенин көрөсүз.

Жалпы шилтеме — топтук чат же социалдык тармактар үчүн. Конок атын өзү жазат, жооптор өзүнчө тизмеде көрүнөт.

WhatsApp аркылуу кантип жөнөтөм

  1. Тиркемеде той түзүңүз: аталышы, күнү жана жери.
  2. Чакырууну жасаңыз: шаблон, тексттер, программа, кийим боюнча каалоо.
  3. Конокторду кошуңуз — колго же телефондогу байланыштардан.
  4. Коноктун карточкасында WhatsApp баскычын басыңыз: шилтемеси бар билдирүү ачылат. Жөнөткөндөн кийин «Отправлено» белгиси коюлат.

Тиркемеде: Ещё → Приглашение-открытка — шаблон, музыка, тексттер жана тилектер.

Убакытты же жерди өзгөртсөңүз, кайра жөнөтүүнүн кереги жок: ошол эле шилтеме боюнча конок жаңы маалыматты көрөт.

Канча турат

Чакыруулар тиркемеге кирет. Коноктор тизмесинде 35 кишиге чейин — акысыз. Чоң той үчүн «Безлимит» бар: бир той үчүн бир жолу 990 сом.

Көп берилүүчү суроолор

Конок тиркеме орнотушу керекпи?

Жок. Чакыруу телефондун браузеринде шилтеме аркылуу ачылат, бир-эки секундда жооп берсе болот.

WhatsAppтан башка жол менен жөнөтсө болобу?

Ооба. Шилтемени Telegram, SMS же башка жол менен жөнөтсө болот — бул жөнөкөй шилтеме.

Ким жооп бергени көрүнөбү?

Ооба. Коноктор тизмесинде ким келерин, ким келбесин жана ким жооп бере электигин, баары канча киши күтүү керектигин көрөсүз.

Кыз узатууга, сүннөт тойго жана юбилейге ылайыктуубу?

Ооба. Чакыруу ар кандай тойго ылайыктуу: үйлөнүү той, кыз узатуу, сүннөт той, бешик той, юбилей.

Конокторду бир басуу менен жооп бере тургандай чакырыңыз

Той түзүп, чакырууну жасап, конокторго WhatsApp аркылуу жөнөтүңүз. 35 кишиге чейин акысыз.